25-декабрда жалпы республикалык тестирлөөгө арналган көчмө жыйын болот
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 2012-жылдын 25-декабрында саат 10:00дө Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин залында “Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана ал боюнча жогорку окуу жайларына конкурстук кабыл алуунун абалы: проблемалары жана келечеги жөнүндө” деген маселе боюнча көчмө жыйын өткөрөт. Катышуучуларды каттоодон өткөрүү саат 9:30дан 10:00гө чейин болот.