Биз социалдык тармакта

Түштүк Кореяда аскердик тик учак кулап түштү

Бүгүн, 9-февралда Түштүк Кореянын Кёнгидо провинциясынын Капёнг аймагында Cobra AH-1S аскердик тик учагы кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, кырсык дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 чамасында болгон. Аталган учак Түштүк Кореянын чабуулчу күчтөрүнө таандык болгону айтылды. Кырсыктан эки адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алардын тирүү экени же каза болгону тууралуу маалымат берилген эмес.

Жергиликтүү бийлик кырсыктын кесепетинен жарылуу жана өрт болбогонун белгилеп, кырсыктын себептери такталып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан