№13 округдагы кайра шайлоодо шайлоочулардын тизмеси жарыяланды 

Бүгүн, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого шайлоочулардын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын акыркы тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтардын негизинде "Кызмат" мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлдү. Аталган округда 161 миң 344 шайлоочу бар. Анын ичинен 50 пайыздан ашыгын эркектер түзсө, калганы аял шайлоочулар.

Эгер шайлоочу тизмеден өзүн таппаса, 18-февралга чейин "tizme.gov.kg" сайтында "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу арыз бере алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан