Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык медицина кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Орусиядагы элчиликте өткөн. Иш-чарага Москва шаарында саламаттык сактоо тармагында иштеп жаткан 60ка жакын мекендеш дарыгер катышкан.