Кечээ, 8-февралда президент Садыр Жапаров Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен бирге Жыргалаңга барды. Алар Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын бириктирген “Ала-Тоо Резорт” бардык мезгилге ылайыкталган тоо лыжа кластеринин курулушу менен таанышышты.
Өлкө башчысынын тоо-лыжа базаларына кийип барган күрмөсү интернет желесинде кызуу талкууга түштү. "Toni Sailer Cyrus" күрмөсүнүн учурдагы баасы 950 евро турат. Кыргыз акчасы менен алганда баасы 97-98 миң сомду түзөт.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын айрымдары бул өлкөнүн экономикалык жагдайын алганда кымбат десе, кээ бири өлкө башчысы кубаттап жатышат.
Сиз кандай ойдосуз?