Биз социалдык тармакта

"Баарын жабабыз". Министр Токмоктогу мал базарга жабыларга чейин эскертүү берилгенин айтты

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Токмоктогу мал базар жабыларга чейин эскертүү берилгенин айтты.

Ал бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында талапка жооп бербеген бардык мал базарлар жабыларын билдирди.

"Биз акча каражаттарын сунуштадык. "Жабылат" деп 1 жыл мөөнөт бердик. Бирок эч нерсе жасабай койду. Мына, Жаңы жылда жаап салдык. Кыргызстан боюнча талапка жооп бербеген 48 мал базар бар. Ошонун баарын жабабыз",- деди министр.

Төрөбаев талапка жооп бере турган мал базар ачууну пландаган жергиликтүү бийликтерге колдоо болорун кошумчалады.

Министр Токмоктогу мал базарга жабылардын алдын эскертүү берилгенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан