Белгилүү улакчы жана "Достук" көк бөрү командасынын оюнчусу Манас Ниязов Өзгөндөгү аламан улак тартышында орун алган кырсыктар боюнча билдирүү жасады.
Улакчы эки кырсык тең оюндан тышкаркы жерде орун алганын, кокустук экенинин билдирди. Ал эми улуттук оюн учурунда коомдук тартипти карап берген коопсуздук кызматкерлерине, Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык айтты.
Белгилей кетсек, кечээ, 8-февралда Манас Ниязов уулдарына той берип, улак тартыш оюнун уюштурган. Оюн маалында 26 жаштагы жигит аты менен сууга түшүп кетип каза тапты. Ошондой эле 25 жаштагы жигит унаасы менен кырсыктады.