Айыл ичинде үч дөңгөлөктүү мопед айдап жүргөн апалардын видеосу интернет желесине кеңири тарап, көпчүлүктүн жылуу пикирине ээ болууда.
Көпчүлүк интернет колдонуучулардын айтымында, бир топ жашка келип калганына карабай, апалар активдүү жашоо образын тандап, мопед айдап жүргөнү өзгөчө кубандырат. Алардын бул кадамы ден соолукка кам көрүүнүн, жашоого болгон сүйүүнүн жана позитивдүү маанайдын айкын үлгүсү катары бааланууда.
Тараган тасмадан энелердин коноктон чыгып баратканын байкоого болот.