Биз социалдык тармакта

ИИМ интернетте Ташиевдин атын колдонгон фейк маалыматтар тарап жатканын билдирди 

Ички иштер министрлиги интернет тармагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын колдонгон фейк маалыматтар тарап жатканын билдирди.
Жарыяланган материалдарда мамлекеттик кызмат адамдарынын атынан инвестициялык платформа аркылуу жумасына 60-150 миң сом өлчөмүндө киреше алуу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар таратылган.
"Аталган видеоматериалдар жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен жазалып, чыныгы кайрылууларга жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт жана фейк мүнөзгө ээ экендигин билдиребиз", - деп билдирди ИИМ.
Министрлик жарандарды сак болууга, тез жана жеңил киреше убада кылган шектүү маалыматтарга ишенбөөгө, күмөндүү шилтемелерге өтпөөгө жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырды.
ИИМ интернетте Ташиевдин атын колдонгон фейк маалыматтар тарап жатканын билдирди 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан