Индияда паркта аттракцион кулап, бир полиция кызматкери каза болуп, дагы 13 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашууда.
Маалыматка ылайык, кырсык Нью-Делинин чет жакасындагы жарманкеде болгон. Адамдар отурган аттракцион айланып жатып кулап түштү. Куткаруу иштери жүрүп жаткан учурда конструкция экинчи ирет кулап, натыйжада укук коргоо кызматкери каза тапкан.
Жаракат алган башка адамдардын абалы тууралуу так маалымат берилген жок.