Биз социалдык тармакта

Таласта курулуп жаткан соода борборуна айып пул салынды

Талас шаарында курулуп жаткан соода борборуна айып пул салынды. Бул тууралуу 9-февралда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас шаарынын Турдалиев көчөсү, 183а дарегинде курулуп жаткан соода борбору жана мейманканын курулушунда коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды. Ошондой эле аталган курулуш объектисинде техникалык регламенттердин сакталбагандыгы белгилүү болду.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Алтын Казык Курулуш Кей Джи” ЖЧКсына карата мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан