Биз социалдык тармакта

Европа Кубогу: Адис Орозмаматов 3-орунду камсыз кылды

Кыргызстандык спортчу Адис Орозмаматов дзюдо боюнча Европа Кубогунда коло медаль утту. Бул тууралуу Дзюдо федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мелдештер 7-8-февралда Босния жана Герцеговинадагы Сараево шаарында өткөн. Орозмаматов 66 килограмм салмак категориясында күрөшүп, баштапкы 1/16 финалда словакиялык Петер Вайссты, андан кийин 1/8 финалда Түркиялык Кан Эмирхан Эсенбогду жеңди.

1/4 финалда Орозмаматов орусиялык Давид Зейналовго утулду, бирок жубатуучу турнирде сербиялык Алекс Милосевичти, хорватиялык Роко Розганы жана польшалык Якуб Куровскини жеңип, 3-орунду камсыз кыла алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан