Орусияда Кыргызстандын 66 жаранынын кайрылуусу боюнча, төлөнбөй калган айлык акы төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Эмгек министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгү "Газспецстрой" ЖЧКсы менен зарыл иш-чараларды жүргүздү. Анын жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктарга толук көлөмдө 1 миллион рубль суммасында эмгек акы төлөнгөнү айтылды.