АКШ президенти Дональд Трамп Онтарио менен Мичигандын ортосундагы жаңы көпүрөнү ачууга Канада компенсация төлөп, сый мамиле жасамайынча уруксат бербей турганын билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
"Алар бизге бардык каржаттарды кайтарып, компенсация төлөмөйүнчө мен көпүрөнүн ачылышына жол бербейм. Эң башкысы Канада АКШга татыктуу болгон адилеттүүлүк жана урмат-сый менен мамиле кыла баштаса гана ачылат",- деп жазган Трамп.
Көпүрөнү куруу Канаданын федералдык өкмөтү тарабынан каржыланып, ага 4,7 миллиард АКШ доллары сарпталган. Бирок көпүрөгө Канада менен Мичиган штаты биргелешип ээлик кылары айтылган.