Вьетнам дүйнөдөгү эң чоң стадионду куруп жатат. Стадион 135 миң орундуу болмокчу.
Тронг Донг стадионунун курулушу 2025-жылдын декабрь айында Ханойдо башталган. Долбоордун баасы болжол менен 38 миллиард долларды түзөт. Курулуш 2028-жылы аяктайт деп күтүлүүдө.
Бул арена Вьетнамга келечекте Олимпиада оюндарын, ФИФАнын Дүйнөлүк кубогун жана башка дүйнөлүк спорттук иш-чараларды өткөрүүгө талапкерлиги үчүн негиз болот. Стадиондун архитектурасы байыркы вьетнам цивилизациясынын типтүү символу болгон коло барабан түрүндө жасалат. Ал жамааттык рухту, күчтү жана узак жашоону чагылдырат.