Франциянын президенти Эммануэль Макрон ушул дүйшөмбү күнү орто мектептердин бириндеги ашканда окуучулар менен бирге тамактанды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видео бөлүштү.
Мамлекет башчысы окуучулар менен болгон тамактанууда мектептеги тартип, рэкетчилик көйгөйү жана алардын жашоо шарттары тууралуу баарлашкан.
Эммануэль Макрон аталган мектепке жаштарга көңүл буруу максатында барган.