
Кечээ, 9-февралда Азербайжандын Баку шаарында ресторанга бензин чачылып өрт коюлуп, коноктор камалып калган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары билдиришүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн чыгышына эки эркектин ортосундагы жаңжал себеп болгон. Чыр-чатак мушташка айлангандан кийин, алардын бири ресторанга бензин чачып, өрт койгон. Андан соң эшикти сыртынан бекитип салган. Имараттагы адамдар ашкана тараптагы кошумча эшик аркылуу чыгып кетүүгө жетишкен.
Натыйжада өрттүн кесепетинен бир адамдын буттары күйүп, ооруканага жаткырылды. Ошондой эле ресторанга 120 миң манат өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Ал эми коноктордун материалдык чыгымдары 20 миң манатты түзгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.