
Кыргызстандын улуттук курама командасынын экс-коргоочусу, учурдагы футбол машыктыруучусу
Азамат Байматов Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы менен эмгек келишимин түздү. Эми ал 2010-жылы төрөлгөн балдардын командасын машыктыра тургандыгын Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, Байматов АФКнын "А" категориясындагы лицензиясына ээ.
"Кыргыз футбол биримдиги көптөгөн футболчулар оюнчулук карьерасын аяктагандан кийин да футболдо ишин улантууга бардык шарттар түзүлгөндүгүн кубануу менен белгилейт. КФБ Азамат Байматовдун мисалы академиянын тарбиялануучуларына да, карьерасын жыйынтыктап жаткан оюнчуларга да жакшы мотивация болот деп ишенет",- деп белгиленген маалыматта.