Өзбекстан 12 жылдык милдеттүү жалпы орто билим берүү системине өтүүдө. Бул тууралуу Өзбек басылмалары билдиришүүдө.
Маалыматтарга караганда, өлкө президенти бир жылдык даярдоо этабын камтыган жаңы милдеттүү жалпы орто билим берүү системин киргизүүнү жактырды. Мектепке чейинки жана мектеп билим берүү министринин орун басары Сардор Раджабовдун айтымында, жаңы систем бир жылдык даярдоо баскычын камтыйт. Даярдоо топтору мектеп билим берүү түзүмүнө этап-этабы менен киргизилет.
Анын айтымында, бул өзгөрүү улуттук билим берүү системин эл аралык стандарттарга жакындатып, окуунун сапатын жогорулатат. Ошондой эле чет өлкөлүк жогорку окуу жайларга тапшырууда бүтүрүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды азайтат. Учурда өзбекстандык бүтүрүүчүлөр айрым чет өлкөлүк университеттерге кирүү үчүн кошумча бир жылдык даярдоо курстарынан өтүүгө аргасыз. 12 жылдык систем киргизилсе, мындай талап жоюлуп, бүтүрүүчүлөр түздөн-түз бакалавриатка тапшыра алышат. Жаңы билим берүү түзүмү үч баскычтан турат: