Биз социалдык тармакта

ИИМ чет өлкөдө иштөөнү пландап жаткандарга кайрылды (видео)

Ички иштер министрлиги чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандарды сак болууга чакырды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты.
Министрлик акыркы мезгилде көп жарандар чет өлкөгө, айрыкча Чехияга ишке орноштурууну убада кылган шылуундар көбөйгөнүн билдирди. Учурда айрым адамдар жана уюмдар белгиленген талаптарды сактабастан иш жүргүзүп, Кыргыз жарандарынын укуктарын бузган учурлар кездешүүдө.
"Чет өлкөдө ишке орношууну көздөгөндө, жеке агенттиктер тууралуу социалдык тармактардагы жана интернеттеги маалыматтарды кылдат текшерип, шектүү жаранамаларга ишенбеңиз. Эгер эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар аныкталса, дароо укук коргоо органдарына билдирип, күнөөлүүлөрдүн жоопкерчиликке тартылышына жардам кылыңыз",- деп билдирди ИИМ.
ИИМ чет өлкөдө иштөөнү пландап жаткандарга кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан