
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри
Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маалыматтык кызматташуу жана өнөктөштүк тууралуу меморандумга кол коюлду.
"Меморандумдун алкагында тараптар маалыматтык координацияны күчөтүп, расмий пресс-материалдар менен камсыз кылуу, медиа өкүлдөрдү аккредитациялоо, иш-чараларды түз эфирде чагылдыруу, ошондой эле эксклюзивдүү маектерди жана атайын медиадолбоорлорду ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташат",- деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, болжол менен 500гө жакын чет өлкөлүк журналисттин иштөөсү мерчемделүүдө. Ошондой эле ЖМКлар үчүн заманбап техникалык инфраструктура менен жабдылган пресс-борборлор уюштурулары кошумчаланды.