Бүгүн, 10-февралда Италияда өтүп жаткан XXV кышкы Олимпиада оюндарынын лыжа спортунун спринт түрү боюнча кыргызстандык Артур Сапарбеков 94-орунду алды. Бул жарышка жалпысынан 94 спортчу катышкан.
Сапарбеков жарыштын аралыгын 4 мүнөт 36,85 секундда басып өттү.
Ал кийинки жолу 13-февралда 10 чакырым аралыкка эркин багыт боюнча мелдешке чыгат деп пландалууда.