Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат 

Кытайдын Жаз майрамына байланыштуу Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункту 15-февралдан 19-февралга чейин, ал эми "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту 17-февралдан 20-февралга чейин убактылуу жабык болот.
"Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү "Эркечтам" пункту аркылуу 19-февралдан, ал эми "Торугарт" пункту аркылуу 20-февраль, саат 08:00дөн баштап жанданат",- деп билдирди Чек ара кызматы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан