Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коргоо системасын өнүктүрүү чаралары жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, президенттин алдындагы Мамлекеттик коргоо кызматы түзүлөт. Бул кызмат Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматын негиз кылып уюштурулат.
Мамлекеттик коргоо кызматы түздөн-түз президентке баш ийип, эсеп берет, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет. Кызмат өз компетенциясына ылайык корголуучу адамдардын жана объектилердин коопсуздугун камсыздоо иштерин жүргүзөт.
Кызматтын төрагасы президент тарабынан дайындалып, бошотулат. Алдыңкы орун басарлары төраганын сунушу менен президент тарабынан дайындалат же бошотулат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.