Абдикарим Алимбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Ошол эле учурда мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен Абдикарим Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, буга чейин Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамынан чыгарылган.