Сапарбеков Италиядагы Кышкы Олимпиадада спринт жарышында 94-орунду ээледи

Спортчу Артур Сапарбеков Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында алгачкы стартка чыгып, лыжа жарыштары боюнча күч сынашты. Бул тууралуу Кышкы Олимпиаданын расмий сайтына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда коньки ыкмасы менен өткөн “спринт” дисциплинасында жалпысынан 94 спортчу катышты. Квалификациялык жарышта Сапарбеков 91-номер менен жарышка кошулду. Ал 800 метр аралыкты 2 мүнөт 23,8 секундда басып өтүп, жарышты 4 мүнөт 36,85 секундда жыйынтыктады.

Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 94-орунду ээледи. Квалификациядан эң мыкты 30 спортчу кийинки баскычка — чейрек финалга жолдомо алышты. Бул аралыкта норвегиялык атактуу лыжачы Йоханнес Клебо эң мыкты жыйынтык көрсөттү.

Артур Сапарбеков Олимпиададагы мелдештерин 13-февралда улантат. Ал күнү 10 чакырым аралыкка эркин стильде өтө турган жарышка катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан