15-декабрь күнү саат 17:30дар чамасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан Токмок шаарында мыйзамсыз баңгизатты сактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Кармалган 47 жаштагы шектүү Г.А. мурун дагы Кылмыш кодексинин 246 (мыйзамсыз баңгизатын сактоо) беренеси менен соттолгону анык болду. Текшерүүдө аталган жаранда 680 грамм гашиш табылган. Учурда бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 246-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.