Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы үч саатта каттуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрликтин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.
ӨКМ катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болууну эскертет.