Кытайда адам сымал жасалган роботтор тобу концерт койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.
Мындай шоуну роботторду жасаган Agibot компаниясы уюштурган. Анда роботтор ырдап, бийлеп, татаал трюктарды дагы аткарышкан. Концерт койгон роботторду залда башка роботтор кол чаап көрүп отурушкан. Ал эми иш-чара жергиликтүү телекөрсөтүүлөрдөн түз эфирде көрсөтүлүп, 1,4 миллион көрүүнү топтой алган.
Концертке чейин роботторго инструкторлордун жардамы менен кыймыл аракеттер үйрөтүлгөн. Учурда Agibot компаниясы роботторду сатуу боюнча лидерлердин катарын толуктайт.