Биз социалдык тармакта

Фермерлер 15-февралдан тарта жеңилдетилген насыя алуу үчүн онлайн каттала алышат 

Өлкөдөгү фермерлерге жеңилдетилген насыяга онлайн катталуу 15-февралда башталат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыялар "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" банктарынан берилет.
"15-февралдан тартып "i-Dyikan" санариптик платформасы ишке кирет. Анда ар бир фермер каттоодон өтүп, жеңилдетилген насыя алуу үчүн арыз берип, банкка электрондук түрдө кезекке тура алат. Насыя каражаттары жеңилдетилген каржылоо программаларынын белгиленген критерийлерине жана талаптарына ылайык берилет",- деген министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан