Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов өлкөдө орун алган саясий кырдаал боюнча бийлик парламентке түшүндүрмө берет деген ишеничте.
Ал ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, саясатта мындай окуялар көп болгонун белгилеп, өлкө үчүн турууктуулук маанилүү экенин билдирди.
Эл өкүлү SUPER.KG порталынын журналистинин "парламенттин төрагасы алмашабы?" деген суроосуна "азырынча маалымат жөн эле сөз катары жүрөт" деп жооп берди. Депутат андан ары "саясатта ар кандай нерселер болот, болсо, анда алмашат" деп сөзүн улантты. Ибрагимов азырынча депутаттардын арасында мындай кеп жүрбөгөнүн, маалымат каражаттарынан эле чыгып жатканын кошумчалады.