Кыргызстандык дзюдочу Ислам Баялинов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн "Open Masters Games-2026" мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу 11-февралда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын дзюдо боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Ислам Баялинов 73 килограмм салмак категориясында күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Мелдештин жүрүшүндө 40 жаштагы спортчу бразилиялык жана казакстандык атаандаштарын катары менен төрт беттеште жеңип, жыйынтыгында алтын медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, мелдеш 7-февралда Абу-Даби шаарында старт алган.