Биз социалдык тармакта

Токтогулда жаңы мектептин курулушу текшерилди

Курулуш министрлиги билдиргендей, Токтогул районунун Таласбай кичи районундагы 750 орундуу жаңы мектептин курулушунун сапатына текшерүү жүргүзүлдү.
Анын алкагында объектте курулуш ченемдеринин жана коопсуздук стандарттарынын шайкештиги деталдуу түрдө каралды. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш процессиндеги айрым мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды тез арада жоюу боюнча акт түзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Курулуштун негизин түзгөн бетондун сапатын текшерүү жана тиешелүү лабораториялык корутундуларды өз убагында алуу талабы коюлду. Мындан сырткары, курулуш иштеринин ар бир этабын өз убагында жана сапаттуу тапшыруу, курулуш регламентин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан