Бишкекке эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону, япониялык балбан Ёсиносукэ Аояги келди. Бул тууралуу Спорт академиясы билдирди.
Маалым болгондой, дүйнөгө атагы чыккан спортчу кыргызстандык балбандар менен тажрыйба алмашып, өз ыкмалары менен тааныштырат. Ошондой эле сапардын алкагында жергиликтүү балбандар менен жолугушат.
Жолугушуу бүгүн, 11-февралда Изабековдордун күрөш академиясында орун алат.