Бүгүн, 11-февралда Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасы ачылды. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Көкүм-Бий балдар бакчасы бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалды.
Мэрия билдиргендей, аталган бала бакча 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Бала бакчанын фасадын сырдоо, ички бөлүгүн жасалгалоо жана балдар ойноочу аянтчаларын куруу иштери жасалды.