Дмитрий Бивол менен Баходир Жалолов Ысык-Көлдө машыгууда (видео) 

Белгилүү мушкер Дмитрий Бивол менен эки жолку Олимпиада чемпиону Баходир Жалолов Кыргызстан курама командасы менен бирге Ысык-Көлдө машыгуу жыйынын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Бокс федерациясы маалымдап, видео менен бөлүштү.

"Бул – биздин спортчулар үчүн тажрыйба алмашууга, дүйнөлүк элитанын деңгээлин көрүүгө жана өздөрүн дагы да күчтөндүрүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк", - деп айтылат анда.

Дмитрий Бивол – азыркы учурдагы эң техникалуу мушкерлердин бири, IBO жана WBA курларынын ээси.

Баходир Жалолов — бокс боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону. Ал 2024-жылы Парижде өткөн Олимпиадада 92 килограммдан жогоркулар арасында алтын уткан.




Дмитрий Бивол менен Баходир Жалолов Ысык-Көлдө машыгууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан