Биз социалдык тармакта

Оштогу Курманжан датка көчөсү кеңейтилип, кошумча бир тилке жол курулат (видео)

Бүгүн, 12-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Курманжан датка көчөсүндө кезектеги таңкы рейдге чыкты.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө шаар мэри Курманжан датка көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишине чейинки тилкеде унаа кыймылын жеңилдетүү максатында кошумча бир тилке жол куруу боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле жол жээгиндеги тоскоолдуктарды алуу, мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү, тротуарларды кеңейтүү жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар коюлду.
Аталган иштер жол тыгындарын азайтып, аймактагы транспорттук агымды жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталат.
Оштогу Курманжан-датка көчөсү кеңейтилип, кошумча бир тилке жол курулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан