Биз социалдык тармакта

Асел Шарбекова эл аралык жаа атуу мелдешинде күмүш жана коло медаль утту  

Өлкөнүн жаа атуу боюнча улуттук курамасынын мүчөсү Асел Шарбекова "Open Masters Games" мелдешинде күмүш жана коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жатат. Шарбекова 30 жаштан жогорку категорияда күмүш медаль тагынса, 30 жана 40 жаштан жогорку категориялар боюнча коло медалга ээ болгон.
Белгилей кетсек, 8-23-февраль күндөрү өтүп жаткан турнирге эл аралык даражадагы спорт чебери Асел Шарбекова башкы машыктыруучу Кылычбек Нурманбетовдун жетекчилиги алдында катышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан