“Окуучу кыз” ыры менен калың журтка белгилүү болгон жеке ырчы Ирлан Таалайбеков “Өмүр чиркин” аттуу чыгармасына клип тарттырды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, тамашалуу окуяларды камтыган клипти тартуу иштерине 2-3 күн жана 600 доллар өлчөмүндөгү акча каражаты сарпталган. Клиптин режиссёру Эламан Акбаев.