Биз социалдык тармакта

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Адилет Орозбеков дайындалды. Бул тууралуу 12-февралда президенттин администрациясы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Өмүр баяны:

Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин дипломатия жана эл аралык укук адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Орусиянын ФКК Академиясында окуган. Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чинине, полковник аскердик наамына ээ.

Эмгек жолу

Ал 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп баштаган жана 2017-жылга чейин ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.

2007-2009-жылдары – УККнын конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары;
2009-2010-жылдары – УКМКнын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары – УКМКнын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
2012-2017-жылдары – УКМКнын антитеррордук борборунун башкы эксперти;
2017-жылдан баштап тышкы иштер министрлигинде, Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча улуттук координатордун аппаратында иштеген;
2017-2019-жылдары – Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти;
2023-2024-жылдары – президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;
2025-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан