Бишкекте ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, 2 күн мурун, тагыраагы, 10-февралда милицияга Улуттук хирургия бөлүмүнө денесинен жаракат алган эркек киши түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Окуя болгон жерге дароо тергөөчүлөр барышып, 33 жаштагы жаран дене жаракаттарын алганын такташкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда.