Кыргызстандык дзюдочу Дастанбек Нурманбетов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу 12-февралда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, дзюдочу "Open Masters Games-2026" турниринде 30 жаштан жогоркулар арасында коло медаль жеңди.
Нурманбетов алгачкы айлампада Иорданиянын өкүлүн жеңген. Кийинки айлампада Өзбекстандын спортчусуна утулуп калды. Үчүнчү айлампада казакстандык атаандашын жеңип, жыйынтыгында коло байгеге ээ болду.