Биз социалдык тармакта

Бишкекте тоноо фактысына шектүү кармалды

Бишкекте тоноо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 12-февралда шаардык милиция маалымдады.

Ага ылайык, 4-январда милицияга Ы.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, ошол эле күнү саат 05:30 чамасында "Глобус" дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайында белгисиз адамдардан турган топ ага дене жаракаттарын келтирип, 10 миң сомун жана болжол менен 5 миң сом турган видеорегистраторду ачык түрдө тартып алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинде (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары Ж.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдардын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан