16-январда Индиянын адам ресурстары боюнча өнүктүрүү министри Шаши Тарурдун көңүлдөшү бар экенин анын жубайы Сунанда Пушкар социалдык тармактар аркылуу жар салган эле. Кечээ, 21-январда чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, бул окуядан көп өтпөй ал көз жумду.
Сунанда Пушкардын жансыз денеси Делидеги мейманканалардын биринде денелериндеги тактары бар абалда табылган. Бирок экспертизага катышкан дарыгерлер бул тактар өлүмгө себеп болгонун кесе айтышкан эмес. Өлүмдүн себептери азыр иликтенүүдө. Дарыгерлер маркумдун организминде ууландыруучу каражат болбогонун жар салышты.
Окуянын башаты социалдык тармактагы чырга барып такалат. Анда Сунанда жолдошунун аккаунту аркылуу анын баракчасына кирип, жолдошу пакистандык Мехр Тарар аттуу журналист кыз менен мамилелеш экенин жазган.
Андан соң бул окуя унутулуп, Сунанда менен министр Шаши бактылуу экендиктерин, мындай уруштар чанда катталып турарын айтышкан.