Кечээ, 11-февраль күнү саат 22:35 чамасында Талас ОИИБинин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери түнкү кайгуул учурунда жол жээгинде токтоп турган автоунаадан чыккан өрттү өчүрүүгө жардам беришти. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер Талас шаарындагы көчөлөрдүн биринде кызмат өтөп жатып, жол боюнда токтоп турган автоунаанын алдынан өрт чыгып жатканын байкашкан. Алар дароо чара көрүп, өрттү өчүрүүгө киришкен.
Натыйжада автоунаадан чыккан өрт кыска убакыттын ичинде өчүрүлүп, окуя тууралуу “102” кызматына кабар берилген.
Кийинчерээк автоунаанын ээси аныкталып, милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.