Армения АКШдан көлөмү 13 миллиард доллардан ашышы мүмкүн болгон ири инвестициялардын агымына даярданууда. Бул сумма өлкөнүн жылдык ички дүң өнүмүнүн дээрлик жарымына тете болушу мүмкүн экенин Bloomberg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, мындай инвестициялар Армениянын экономикасынын Орусияга болгон көз карандылыгын алсыратууга шарт түзөт.
Буга АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин Ереванга жасаган сапары себеп болгон. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарандык атом энергетикасы жаатында 9 миллиард долларга чейинки суммага келишимге кол коюлду. Мындан тышкары жасалма интеллект тармагындагы долбоорду дагы 4 миллиард долларга кеңейтүү маселеси талкууланууда.
ING банктык тобунун КМШ боюнча башкы экономисти Дмитрий Долгиндин айтымында, бул масштабдагы демилгелер Армениянын түз жана портфелдик инвестициялар үчүн жагымдуулугун арттырып, ошондой эле өлкөгө акча которууларды көбөйтүшү мүмкүн.