Биз социалдык тармакта

Түштүк Кореянын чалгындоосу: Ким Чен Ын кызын мураскер катары даярдоодо

Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы (NIS) Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзүнүн кызы Ким Чжу Эни мураскер катары дайындап жатканына ишарат кылган белгилер бар экенин парламент депутаттарына айтып берген.

Чалгын кызматынын маалыматына караганда, Ким Чжу Э мамлекеттик иш-чараларга катышып, айрым маселелер боюнча пикир айта баштаган. Бул аны мураскер катары дайындоо баскычына өткөнүн көрсөтөт.

NIS февралдын аягында өтө турган Корея Эмгек партиясынын курултайында Ким Чжу Энин катышуусуна жана анын макамына өзгөчө көңүл бурарын да айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан