Бишкек милициясы Фейсбук социалдык тармагына жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында "Жолдош Сыргаков" аттуу аккаунттан терс мүнөзгө ээ болуп, мамлекеттик жетекчилердин аброюна доо кетириши мүмкүн болгон видеоматериалдарды аныкташты.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, баракчанын ээси 1983-жылы туулган Ж.С. аттуу жаран кармалды. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тиешелүү териштирүү иштери уланууда.