*Мындан 227 жыл мурун Князь
А.Вяземский Атаке баатырга кат жолдогон. Анда
Атаке баатыр жазган кат императорго берилгендиги кабарланган. Ошондой эле үч
илбирстин, беш мадылдын терисине ыраазычылык билдирилген.
*1998-жылдын бул күнү кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов америкалык
89-экспедициянын курамында биринчи жолу космоско учкан. Ал космосто баш-аягы 8
күн болгон. Ага КРнын Баатыры деген наам ыйгарылган.
* Мындан 458 жыл мурун адамзат тарыхындагы өтө катуу жер титирөө Кытайдын
Шанси провинциясында болгон. Анда 830 миңден ашык адам каза тапкан.
* 1783-жылдын 23-январында франциялык жазуучу Анри Мари Стендаль жарык
дүйнөгө келген. Ал көбүнчө Италиянын маданий, атактуу жерлери жөнүндөгү китептердин
автору катары таанымал.