
Өлкө аймагында соңку суткада, 12-февралда 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.
Бул күнү Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы чыкты.
Министрлик кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.